www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов футбол боюнча Кыргызстандын кубогун уткан "Алай" клубун куттуктап, 200 миң сом тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара шаардагы борбордук стадиондо өтүп, калаа башчысы футболчуларга ыраазычылык айтты.

"Футбол күйөрмандары үчүн жакшы маанай тартууладыңыздар. "Алай" командасы өз тарыхында Кыргызстандын кубогун алгачкы жолу 2013-жылы утуп алган. Намыска жарап, ат салышкан бардык командаларды артка калтырып, быйыл тарыхта экинчи ирет кубокко ээ болуп отурасыздар. Бул спорттук жеңишиңиздер үчүн жалпы шаардыктардын атынан сиздерге чоң ыраазычылык билдирем", — деди мэр.

Мэр ошондой эле азыркы кезде шаар бийлиги клубду мүмкүн болушунча камкордукка алуунун, каржылоону көбөйтүүнүн аракетин көрүп келе жатканын кошумчалады.

"Келээрки жылы клубдун бюджети дагы көбөйтүлүп, шарт түзүлөт", — деп белгиледи Сарыбашов.

"Алай" футболдук клубу төрт жолу өлкө чемпионатын, эки жолу Супер кубокту жана эки жолку Кыргызстандын кубогу мелдешин утту. Алдыда АФК кубогу үчүн болгон мелдештер өтөт.

22-октябрда Оштун "Алай" футболдук клубу 2020-жылдагы Кыргызстандын кубогу мелдешин утту. Финалдык беттеште алар Кант шаарынын "Абдыш-Ата" командасын 1:0 эсебинде жеңип алышты. Оюндагы жалгыз жана жеңүүчү голду алайлыктардын чабуулчусу Соломон Инкум беттештин 36-мүнөтүндө киргизген.

На центральном стадионе города Ош состоялась церемония награждения победителей Кубка Кыргызстана по  футболу – футбольного клуба Алай. 24 октября 2020 года

На центральном стадионе города Ош состоялась церемония награждения победителей Кубка Кыргызстана по  футболу – футбольного клуба Алай. 24 октября 2020 годаНа центральном стадионе города Ош состоялась церемония награждения победителей Кубка Кыргызстана по  футболу – футбольного клуба Алай. 24 октября 2020 года

Булак: NazarNews.kg
 
Последние новости