www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хабиб Нурмагомедов бүгүн UFC 254 мелдешинде Жастин Гэтжини үч бурчтук ыкмасы менен утуп алгандан кийин октагондо атасын жоктоп ыйлады.

Кеченин жүрөк эзген учуру Хабибдин атаандашы Гэтжи утулганына карабай ызага чөккөн мушкерге келип кайрат айтканы болду.

Ошол эле учурда күтүлбөгөн жаңылык болуп ​Россиялык мушкери америкалык Гэтжи менен болгон беттеши акыркы экенин айтып, карьерасын жыйынтыктаганын жар салды.

​Хабиб ММА мелдешинде 29 жолу, анын ичинде UFC уюмунда 13 беттешке чыгып баарын жеңген биринчи мушкер болуп калды.

Эске салсак, Хабибдин атасы жана башкы машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов жайында өпкөсү жабыркап каза болгон. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости