www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Араван РИИБнүн милициянын көчмө кабылдамалары Тепе-Коргон айылында болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 23-июнь күнү Араван районунун Тепе-Коргон айылында Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери көчмө кабылдама унаа менен район аймактарын кыдырып жатышат.

Аталаган аймакта 2500 миңге жакын калк жашайт,ар бир айылга жетүү, жергиликтүү тургундардын арыз мууңун угуу жана коммдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алууда кыйла түйшүктөр бар, алыскы аймактарда жашаган жарандарды кабыл алуу үчүн түзүлгөн милициянын көчмө кабылдамасы үн чыгаруучу аппарат аркылуу жарандардын арыз-даттанууларын кабыл ала турганын маалымдаган соң айыл тургундары  автоунаа токтогон жерге келишип, көйгөйлүү маселелер боюнча суроолорун беришип тийиштүү жоопторун алышты жана тийиштүү органдарга арыз-даттанууларын жолдошту.

Ошондой эле, калк жыш жайгашкан жерлерде, жарандарга санитардык-гигиеналык эрежелерди, коргонуу чараларын, социалдык аралыкты сактоо жөнүндө маалыматтар берилди. Мындан сырткары жаш өспүрүмдөрдүн түнкү убакыттарда себепсиз көчөгө чыгууларын жана  сууга түшө турган  коопту болгон жерлде жаш өспүрүмдөрдүн арасында  сууга чөгүү кокустуктарын  алдын алуу  максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ош облусунун аймагында 5 ай ичинде облус боюнча жалпысынан көчмө кабылдама аркылуу 481 айылды кыдырган 1145 жарандан кайрылуу түшкөн.Анын ичинен 603 социалдык маселелер боюнча даттануулар болсо, 22 ички иштер органдарына тиешелүү болгон Алардын 480 и жергиликтүү бийликтин деңгээлинде чечилүүчү маселелер болгондуктан айыл өкмөттөргө өткөрүлүп берилген. Ал эми 9 учур кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости