www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүрөт - ОшМЮИда областтык спартакиада

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун спорттук комплексинде билим, илим кызматкерлеринин областтык спартакиадасы башталды. Спорттук иш чаранын ачылышы өзгөчө салтанат менен  коштолду. Райондордогу, шаарлардагы  билим берүү, илим тармактарынан келген  курама командаларды алгач ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов, профсоюздун Ош областтык комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев жана башкалар кызуу куттукташып, мелдештерде аларга ийгиликтерди кааларын билдиришти. Бул тууралуу маалыматты ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди.

Областтык денгээлдеги спорттук иш чара биздин жогорку окуу жайда өткөрүлүп жатканы да бекеринен эмес,-дейт ОшМЮИнин ректору Э.Токторов.-Соңку мезгилдерде эл аралык чемпионаттарда катышып, мекенибиздин намысын коргогон үмүттүү спортчулар жетишип чыгып жаткан институтубузда жакшы база, тажрыйба  бар.

Аталган жогорку окуу жайда спорттук иш-чарага катышуучулар үчүн алдын ала ар тараптуу  ынгайлуу шарттар түзүп коюлган. Көтөрүнкү маанайда мелдешке түшкөн командалар спорттун  волейбол, баскетбол, стол тенниси, шахмат, шашка, тогуз коргоол, ордо түрлөрү боюнча күч сынашууда. Кызматкерлерди спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулуп жаткан спартакидада командалардын жана жеке спортчулардын беттешүү оюндарында жетишкен көрсөткүчтөрү калыстар тарабынан көзөмөлдөнүп, атайын өзүнчө бааланууда.

Анткени өтүп жаткан оюндардагы   кызуу  жараяндарга негизделип «активдүү катышкан спортчу», «күчтүү чабуулчу», «күчтүү коргоочу», «мыкты оюнчу» номинацияларына ээ болгон спортчулар аныкталып, татыктуу сыйланмакчы.  Ар кандай беттешүүлөрдө атаандаштарын артта калтырып байгелүү ордундарды жеңип алган командаларды профсоюздун Ош областтык комитетинин кубогу, эстелик дипломдору жана акчалай белектери күтүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости