www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Сени эстеп” аттуу ырды аткарып чыгып, көпчүлүк жаштардын сүйүктүү ырчы айымына айланган Арно көп убакыттан бери сахнадан көрүнбөй калган эле. Көрсө, ырчы айым турмуш жолуна аттанып, эки наристелүү болуп атасы белгилүү дарыгер Калдарбек Абдрахмановдун жолун жолдоп эмгектенип жатыптыр.
Бул тууралуу ырчы: “Өзүмдүн негизги кесибим "врач-кардиолог" болгондуктан, азыркы учурда “НЦКиТте” координатор болуп иштем жүрөм. Сахнага кайтып келүү тууралуу ойлорум бар. Анткени, чыгармачыл адам үчүн сахнасыз жашоо кыйын экен. Азыр биринчиден оюмда жаңы ырларды жаздыруу болуп турат. Андан соң баардыгын убакыт сааты менен көрөбүз. Кудайым буюрса, жолдошум колдосо бардыгына жетишем деп ойлойм”. Деп билдирди.
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg