www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарына караштуу Дача айылындагы адамдар өтүүчү илгерки СССР маалында курулган, бийиктиги 80 метрден турган тепкич бар. Ал тепкич эскирип тарпы чыгып, кышындасы жаш балдар карылар өтө албай кыйналышчу. Муну байкаган "Ата-Журт" мекенчил партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешине талапкер Шаирбек Ташиев тепкичти оңдотуп берди.
Жашоочулар абдан ыраазы болуп, бата беришти. Бул жакшылыкта коомдук саясый ишмер Камчыбек Ташиев дагы катышып өзүнүн жакшы сөздөрүн айтты. Шаирбек Ташиевдин айтымына караганда жолду жасатууга оңой каражат сарпталган эмес.
"Жашоочулар былтыр шайлоого аттанып жатканда менден ушул эл басып өткөн атайын тепкичти жасатып берүүмдү суранышкан. Мен убадама туруп жасатып бердим. Үстүн жаптырып, жарык койдурдум. Кышындасы кар жааганда сыйгаланып карылар, жаштар өтө албай кыйналышчу. Мындан сырткары беш канат кыргыз үй белек кылдым. Айыл дээрлик каралбай калган. Эми буйруса жолун жасатып, аялдама жана балдар бакчасын куруп берейин деп жатам"-дейт талапкер.
Булак: NazarNews.kg