www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда жазуучу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романына арналган кече болуп өттү. «Мамлекеттин, укуктун теория жана тарыхы» кафедрасынын демилгеси менен уюштурулган иш чарада тарыхый чыгарма ар тараптан терең талкууланып, анда кыргыз элинин улуттук салттары менен мамлекеттик түзүлүштүн айкалыштары тууралуу кеңири баяндалды. Бул тууралуу маалыматты ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди.

Алгач ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов тарыхый чыгармада укук-тартип кыргыз элинде эзелтен эле болуп келгендиги образдар аркылуу чагылдырылгандыгын мисалдар менен түшүндүрүп өттү. Андан ары сөз учугун улаган  ОшМЮИнин проректору Байболот Абытов, кафедранын башчысы Төрөбай Насыров тарыхый чыгарманын сюжеттеринде болочок юристтер үчүн да сабак ала турган жагдайлары бар экендигине токтолушту. Алар ошол мезгилдеги Кокон хандыгы жана мамлекет легитимдүүлүгү боюнча терең маалымат беришти.

ОшМЮИнин студенти Айдай Жумаеванын «Сынган кылыч», Нурумбет Иманказиевдин «Кокон хандыгынын түптөлүшү» аттуу илимий докладдарындагы маалыматтар тарыхый чыгармадагы сюжеттердин мисалында баяндалгандыктан катышуучуларда кызыгууну ойготту.

Айрыкча таланттуу студенттер тарабынан чыгармадагы айрым сюжеттери образдуу сахналаштырып көрсөтүлгөндүгү  көрүүчүлөрдө өзгөчө таасир калтырды. Сахнада Шералынын образын студент Жеңишбек кызы Айдана, Айзаданын образын Хасылжан кызы Алтынай, Мусулманкулдун образын Нуриза Маматова, Полотхандын образын   Динара Туратбекова, Кудаярхандын образын Чолпон Саипбаева, Бекназардын образын Керемет Асланова жеткиликтүү жараткандыгы үчүн көпчүлүктүн алкышына арзыды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости