www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда болжол менен 700 миӊден ашуун Кыргыздын эмгек мигранттары чет өлкөлөрдө жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында мамлекеттик миграция кызматынын орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди.

Ал билдиргендей, Орусияда 616 миӊ, Казакстанда 30 миӊ, Кореяда 14 миӊ, Түркияда 30 миӊ дагы башка алыскы өлкөлөрдө 20 миӊ эмгек мигранты катталган. Ошондой эле ал Орусиядагы эмгек мигранттарынын көйгөйү болгон “кара тизмеге” кирген жарандардын санын кыскартуу боюнча иш алып барып жаткандыгын айтты. Мындан тышкары чет өлкөгө жумушка орноштурам деген ар кандай компаниялардын ишине Ички иштер министрлиги менен бирге көзөмөл кылынып жатканын кошумчалады.

Депутат Тынчтык Шайназаров чет өлкөдө иштеп келе жаткандарга чек арачылар тарабынан кыйынчылыктар жаралып жатканын билдирди. Ошону менен катар эле чек ара кызматынын өкүлдөрүнө бул маселеге көңүл буруу керек экенин айтты.

Фракциянын жыйынында 2016-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-майына чейинки аралыгында Кыргыз Республикасындагы тышкы миграциянын абалы талкууланды.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Последние новости