www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ- Ошто бейтаптар үчүн кошумча 600 орун даярдалды

Ош шаарында бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча 600 орун даяр болду. Даярдоо иштери менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, ар кандай кырдаалга даяр болуш керектигин билдирди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Бүгүн, 6-июлдан баштап шаардын Т. Кулатов кичи районундагы “Газпром” спорт комплексинде 100 орундуу стационар ишке кирди. Бул жайда жеңил жана орто абалдагы бейтаптар кайрылып, жардам алышат.

Ал эми пневмонияга жана коронавируска кабылгандардын саны көбөйсө жогорку окуу жайдын жатаканасында 300 орун, жеке менчик “Андрос” медициналык борбору жана “Классик” мейманканасында 100дөн ашуун орун даярдалган.

Ал эми ”Sun rise” мейманканасына 50 орундуу обсервация даярдалды.

Шаар мэри “Каныкей” ресторанына да күндүзгү стационар уюштуруу тапшырмасын берип, жеке ишкерлерге ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости