www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Торугарт унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 6-июлда саат 06:30да Бишкек-Токмок жолунун 25-чакырымында катталган.

Анда Жигули менен Мерседес-Бенц унаасы кагылышкан. Чыгыштан батышка бара жаткан Жигули унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, карама-каршы тилкеге чыгып, кичи автобусту сүзгөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден каза болгон. Ал эми кичи автобустун айдоочусу жана дагы 3 киши ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости