www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 248-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча, кылмыш жасоо үчүн уюшкан топ түзү фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ош шаарында жана Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш- чаралары жүргүзүлдү, ошондой эле криминалдык элементтердин областтардагы коомдук саясий кырдаалга таасиринин тийгизүүсүнүн алдын алынды.

Кылмыштуу топтун 23 мүчөсүнүн жашаган жеринен санкцияланган тинтүүлөрдүн жыйынтыгында: АК-47 үлгүсүндөгү 2 мылтык, 2 травматикалык тапанча, 32 мм калибрдеги белгисиз мылтык, 12 мм калибрдеги ТОЗ-34 маркасындагы 2 көзөнөктүү мылтык, оптикалык мээлегичи бар мылтык, белгисиз маркадагы өз колу менен жасалган мылтык (кесилген), ТОЗ-16 маркасындагы мылтык, 15 бычак, 2 жезден жасалган кастет жана көп сандагы патрон табылып алынды.

Азыркы учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишин нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости