www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-ноябра Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо өтөт. Бул жолу мамлекет башчылыкка учурдагы президент Дональд Трамп жана мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышууда.

Эске салсак, кечээ Огайо штатында эл менен жолугушууда Байден “Эртең биздин элди экиге бөлүп турган президенттин мөөнөтү соңуна чыгат” деп белгиледи.

Ошондой эле ал Трампты уят болгон жана алсыз саясатчы деп атады.

Ошол эле учурда Трамп Түндүк Каролинада шайлоочулардын алдында сүйлөп жатып “Байденди колдогондор элдин оозун жаап, баарыңарды жазалагысы келип турган коммунисттерге, социалисттерге, эки жүздүү бай либералдарга жол ачып берет” деп айтты.

Белгилей кетсек, АКШыда шайлоого карата бир топ сурмжылоолор жүргүзүлгөн. Натыйжасында көпчүлүк Жо Байденди бир топ алдыга чыгарганын чет элдик басылмалар жазды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости