www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-июнда, Өкмөт үйүндө КР премьер-министринин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өткөн. Анда Мухаммедкалый Абылгазиев Кубатбек Бороновго кызматын өткөрүп берди.

Социалдык тармактардын колдонуучулары ​​өкмөттүн мүчөлөрүнүн, ошондой эле мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жана министрлер кабинетинин башчылыгына дайындалган Кубатбек Бороновду аралык сактабагандыгы жана бет капсыз жүргөнү үчүн сынга алышты.

Ал эми буга улай Ош мэриясы  70тен ашык конок менен өтүп жаткан "кыз узатуу" тою токтотулганын маалымдады. 

"Бизге Оштогу "Алтын-Ордо" ресторанында көп адамдын катышуусунда той өтүп жатканы тууралуу маалымат келип түштү. Аны текшерүү үчүн атайын мэриянын алдында түзүлгөн топ менен барганыбызда, чындыгында эле 70тен ашык адамдын катышуусунда кыз узатуу жөрөлгөсү өтүп жаткан экен. Коноктордун басымдуу бөлүгү беткапсыз жүрүп, санитардык талаптар аткарылбагандыктан биздин топ жеринде ал тойду токтотууну чечти. Ресторан ээсине 3000 сом өлчөмүндөгү айып салынып, имарат убактылуу, белгисиз мөөнөткө жабылды. Ал эми той ээлерине эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бардык катышуучулар үйлөрүнө тарап кетишти. Мындай чара бир гана Ошто эмес, өлкө боюнча колдонулуп жаткан эреже болгондуктан, жарандардан түшүнүү менен кабыл алууну жана санитардык талаптарды аткарууну суранабыз" ,- деп айтылат мэрия тараткан маалыматта. Буга байланыштуу колдонуучулар кош стандарттуулукка нааразычылыгын билдиришүүдө.

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Республикалык штаб жарандарды социалдык аралыкты кеминде 1,5-2 метр аралыкта сактоого, бардык байланыштарды чектөөгө, эл көп чогулган жерлерден алыс болууга, бет кап жана кол кап кийип коронавирустук инфекцияны азайтууга үндөп келет.

Социалдык тармактарда ондогон аткаминерлер чогулуп түшкөн сүрөтү да жарыяланып, катуу сынга кабылды. Колдонуучулар өкмөт эрежелерди бузбай, коомчулукка үлгү көрсөтүшү керек экенин белгилешти.

БЕССМЕРТНЫЙ ӨКМӨТ. НАМИ ПРАВЯТ КИБОРГИ 😎

Опубликовано Миржаном Балыбаевым Среда, 17 июня 2020 г.

 

Мындан ары окмоттун баардык токтом, буйруктарын аткарбоого чакырам. Буларга мыйзам жок болсо... #ReАкция

Опубликовано Мирбеком Айтикеевым Среда, 17 июня 2020 г.

Бу жагы той..кыз узатуу болуп кетиптир....

Опубликовано Элнурой Кулуевой Среда, 17 июня 2020 г.

Ой как мило! Прощание Славянки, прям 😁 Коронавирусный поцелуй смачный. А как рукоплещут на фоне 😁 все такие радостные, то ли от того что один ушел, то ли от того что на свято место, похожий пришел 😂

Опубликовано Кайыргуль Урумкановой Среда, 17 июня 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости