www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


1. Жаңы ич кийим сатып алганда кийбей туруп жууш керек. Жуурдун алдында бир аз ашкана уксусу кошулган жылуу сууга чылап коюңуз. Бул дезинфекция сүйүктүү ич кийимиңиздин түсүн да ачат.

2. Трусаны күн сайын, бюстгальтерди эки күндө бир алмаштырып, дароо жууп туруңуз.

3. Ич кийимдин этикеткасынан аны кандай жууган туура экенин билип алыңыз. Капрон менен жасалгаланган ич кийимдерди колго жуу шарт. Кир жуучу машинага сала турган болсоңуз, атайын ич кийимдерди салып жууй турган мүшөк сатып алыңыз да, “кылдат жуу”, “кол менен жуу” деген программасы менен 40 градустан төмөн температурада жууңуз. Ысык суу кийимдин жагымдуу өңүн жоготуп, эрте эскиртет, металлын дат бастырат.

4. Трусаны сууга салганда андан сууга 100 миллиондогон ичеги таякчалары түшүп, алар башка кийимге да өтөт. Андыктан трусаны башка кийим менен бирге жууган туура эмес.

5. Ич кийимдерди жылыткычка жайып кургатуу бат эскиртет, түсүн жоготот, поролон бюстгальтердин формасын бузат.

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости