www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Турсунбек мырза, президенттин 100 күндүгүн утуралай анын ишмердүүлүгүнө баа бериле баштады. 100 күндүн ичинде мактоого арзый турган иштери болдубу?

- Мен президентти жакындан билген киши катары айтсам, ал аз, анан саз сүйлөп, көп иш бүткөргөн киши. Кыскасы, эмнени айтса, ошону жасайт. Мен президенттин Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөздөрүнүн өтөөсүнө чыгаарына ишенем. А дегенде эле УКМКны тазалай баштады. АКСтин башчысы Дүйшөнбек Чоткараевди кызматтан кетирди. ошондой эле коррупциянын өсүшүнө тиешеси бар деген 20 чакты кызматкер кызматынан бошоду. ИИМде дагы далайлар кызматы менен кош айтышып жатат. Кыскасы, “карышкырга кой кайтартпай” иштей баштаганын көрсөтүп баштады. “Таза эмес адамдар коррупция менен күрөшө албайт”- деген принцип менен укук коргоо органдарын тазалай баштады.

- АКСтин башчысынын кызматтан кеткени коррупция менен күрөшүп жатабыз дегенге мисал боло албасын, коррупциянын ана башчыларынын баары Ак үйдө отурарын айткандар бар. Бул пикир жөндүү элеби?

- АКСтин башчысын кетирсе эле коррупция менен күрөшүү башталды деген ойдон алысмын. Бирок, тазалануу процесси башталганын тана албайбыз. Эми органдар тазалана баштады. Бу жолу укук коргоо органдары өздөрүн күзгүдөн караткан мыйзам ченемдүү күрөш башталды. Бирок, коррупция менен күрөшүү оңой процесс эмес, ошондой болсо да күрөш башталды. Жыйынтык чыгат деп үмүт кылып туралы.

- Коррупционерлердин тизмеси жарыяланаары айтыла баштады. Ага кимдер кириши мүмкүн? Жана ал тизмени ким түзүшү керек?

- Чынында коррупционерлердин тизмесин түзүү күлкү келерлик нерсе. Анын моралдык жагын да эске алышыбыз керек. Анткени, чыныгы коррупционерлерди элдин баары билгени менен чыныгы коррупционерлер соттун чечими менен гана табылат. Адамды күнөөлөө үчүн соттун чечими керек. Коррупционерлердин тизмесин түзүү коомдук пикир жаратканы менен юридикалык жактан далилдөө кыйынга турат. Ал көп убакытты талап кылат. Эгерде биз укуктуу мамлекет кургубуз келсе, мыйзамдан тыш иштерден популизмден алыс болушубуз керек.

- Кургак ачкачылык кармагандарга эмне үчүн мамлекеттик институттар тарабынан анчалык көңүл бурулган жок?

- Негизи кургак ачкачылык кармоо үч күн, беш күнгө эле созулат. Аны токтотпосо, организмдеги суунун запасы түгөнүп, адам мерт болуп калат. Ошон үчүн кургак ачкачылык опурталдуу. Мамлекет буга чейин создурбай, алардын абалы “врачтардын көзөмөлүндө” дебей ачкачылыкты токтотууга аракет кылып, көңүл бурушу керек эле. Ошондой эле акыйкатчы ачкачылык кармап жаткандардын жанынан кетпеши керек болчу. Азыр Бектур Асанов суу ичип калды дегенди угуп, чыны менен кубанып жатам. Анткени, Бектурдун ден соолугу опурталдуу эле. Менден жаш болгонуна карабай соо жүргөндө эле көп ооручу. Бели ооруп, баса албай калганын билчүмүн. Ошон үчүн алардын ачкачылыкты токтотушун суранып, кайрылуу жолдогом.

Себеби, ал жактагы ачкачылык кармаган адамдар мамлекетке, тууган уругуна, жоро-жолдошторуна керек орду тоодой болгон адамдар. Булар жогору жактагылар аларга маани бербей койбой көңүл бурушу керек эле. Негизи, камакта жаткандардын ачкачылык кармаганы бийликке аброй алып келбейт.

- Кургак ачкачылыкты токтотууга каралар киришкен эмеспи?

- Менимче, ал болбогон сөз. Караларды өмүрү коркунучта турган адамдарга пайдаланышпаса керек. Анын үстүнө Сооронбай Шарипович андай ишке барбайт деп ишенем. Ачкачылык кармагандарды да туура түшүнүш керек. Алар ал кадамга аргасы түгөнүп, айласы кеткенден барышты. Аларды ушул акыбалга жеткирбей эле талаптарын угуш керек болчу. Анткени, Бектурдун демократияга кошкон салымы чоң. Ал революцияда чоң күч берген, бир облусту башкарган жигиттерден. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн да барандуу мүчөлөрүнүн бири. Аксы окуясында 13-14 күн жөө жүрүп, Дүйшөнкул Чотонов экөө эл, карапайым аксылыктар менен кошо жүргөн. Ошон үчүн алардын талабын көз жаздымда калтырбаш керек.

- Казакстанда камалган депутат боюнча тирдүү жоромолдор айтылып жатат. Сиз ал депутат боюнча не айта аласыз?

- Негизи камалып жаткан адамга тигиндей мындай деп айтып, мазактабаш керек. Аны депутат экенине карабай камап салганы үчүн ал ишти казак бийлиги дыкат иликтеши керек. Камаардан мурун биздин мамлекеттик органдарыбыз менен кеңешишсе болмок. Депутаттын өзү да мындай иштерден сак болушу керек эле. Анткени, Дамирбек Асылбек уулунун башка мамлекетте камалганы Жогорку Кеңешке көлөккө түшүдү. Кыскасы, акыркы мезгилде парламенттин аброюна шек келтирген көп окуялар болуп кетти. Дамирбек Асылбек уулу күнөөлүүбү же күнөөлүү экенин иликтөөдөн мурун аны бошотуп алуунун жолун издешибиз керек. Анткени, жаманбы, жакшыбы Жогорку Кеңештин дупутаты деген аты үчүн күрөшүбүз керек.

- Эмне үчүн Аида Саляновага иштеген мыйзам Шадиевге башкача иштеп жатат?

- Мен баарына мамиле бирдей болгону дурус деп ойлойом. Аскарбек Шадиевдин аты байланышкан ишти териштириш керек. Аны күнөөлөөдөн мурун дыкат иликтеш керек. Мен Аскарбек Алимбаевичти коррупционерлердин катарында деп айта албайм. Ал депутат, губернатор, вице-премьер-министр болгон киши. Кандай кызматты аркалабасын жаман иштегенин көргөн жокмун. Көп иштерди өтөөсүнө чыгарган, жигердүү жетекчи. Ошон үчүн анын кол койгонун бетке кармап, бир жактуу күнөөлөш да туура эмес. Тергөө органдары, комиссия тиешелүү чечим чыгарышы керек.

Чынайым Кутманалиева

 Булак: «Майдан. kg» 

Последние новости