www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-ноябрь - Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул көйгөйгө карата бүгүн, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Бишкекте жыйын болуп өттү.

Анда айтылган маалыматка ылайык, акыркы жарым жыл ичинде 2 миң 19 зомбулук учур катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 60 пайызга көп.

“Үй-бүлөлүк зомбулукка ар бир адам туш болушу мүмкүн – бай же кедей, шаардык же айылдык- айырмасы жок. Дал ошол себептен гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо үчүн биздин аракетибизди биримдикке алып келишибиз керек”,- деп белгиледи конференция учурунда Кыргыз өлкөсүндөгү USAID'дин миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу Алдер Бартлетт. 

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча COVID-19 пандемиясындагы карантин учурунда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, Бишкек шаарында гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 60 пайыздан ашык көрсөткүчкө жогорулаган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости