www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн капчыгайындагы “Теплые Ключи” аймагында асылып турган жеринен табылган 19 жаштагы жигиттин өлүмүн милиция суицид деп атады. Бул тууралуу журналисттерге маркумдун туугандары билдиришти.

Алардын айтымында, колу-буту байланып, оозу скотч менен бекитилгенине карабастан, милиция өзүн-өзү өлтүрүү деп эсептейт.

Эскерте кетсек, Аламүдүн районунда жайгашкан “Теплые Ключи” санаториясынын аймагында колу-бутун байлап, оозу скотч менен мөөрлөнүп турган жигиттин асынып өлгөн денеси табылган. Жигиттин өздүгү аныкталды. Бул 19 жаштагы О.Э., Нарын облусунун тургуну болуп чыкты.

Жакын туугандарынын биринин айтымында, жигит 6-ноябрдан бери дайынсыз жоголду деп эсептелген жана ошол эле түнү алар Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз беришкен.

“Сөөктү өлүк сактоочу жайга алып келишкенде, милиция ошол жерге таштап, өзүн-өзү өлтүрүү деп каттаган. Коопсуздук кызматынын кызматкерлери да бизге бул суицид болгон деп айтышкан. Бирок бул кандайча мүмкүн? Анын колу, буту байланып, оозу скотч менен оролгон. Ал өзүн-өзү байлап асып ала албайт да “, – деп сурайт тууганы.

Бүгүн, 25-ноябрда жаш жигит кичи мекенине коюлду. 12-декабрда ал 19 жашка чыкмак. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости