www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Полковник Сапарбай Ирискулов дүйнө салды

Ички иштер министрлигинин отставкадагы полковниги Сапарбай Ирискулов дүйнө салды. Бул тууралуу аталган меккеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жоготууга учурады, биздин катардан татыктуу офицерден айрылдык», - деп айтылат маалыматта.

Сапарбай Ирискулов 1941-жылдын 23-мартында Ош облусунун Өзгөн районунун Жээренчи айылында туулган. Милициянын полковниги, СССР ИИМдин Алматы атайын орто мектебин 1967-жылы бүтүргөн, андан соң Ленинград аскердик-саясий жогорку окуу жайын 1976-жылы бүтүргөн.

1964-жылдан баштап Бишкек шаардык ИИБдин атайын дивизионунун кайгуул-күзөт кызматынын милиционери, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБде участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, андан кийин ушул эле бөлүмдө начальниктин орун басары, саясий-тарбиялык иштер боюнча бөлүм башчысы, коомдук тартипти сактоо бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз ССР ИИМдин Ведомстволук эмес күзөт башкармалыгында полк командири, коомдук тартипти сактоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1994-99-жылы коомдук тартипти сактоо башкармалыгынын начальниги болгон.

Кызматындагы эмгектери үчүн ИИМдин медалдары менен сыйланган. Милициянын отставкадагы полковниги Сапарбай Ирискулов дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу ИИМ аза күтөт жана туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости