www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Карабакта бир жоокер окко учканы айтылууда

Азербайжан жикчил Тоолуу Карабак аймагындагы чабуулда бир жоокери окко учканын, экинчиси жарадар болгонун билдирди. Коргоо министрлиги 28-декабрда маалымдагандай, алдыңкы күнү «армениялык мыйзамсыз куралчан топ» Агдам айылында азербайжандык аскердик бөлүккө кол салган. Министрлик чабуул койгондордун бардыгы жок кылынганын кошумчалап, келечекте мындай аракеттерге каршы катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Расмий Ереван жана Тоолуу Карабактын де факто бийлиги билдирүүгө байланыштуу комментарий жасай элек.

Армениянын Коргоо министрлиги мунун алдында Гадрут чөлкөмүндө кармаш жүрүп жатат деген кабарларды четке кагып, аймактагы этникалык армяндардын күчтөрү тынчтык келишиминин шарттарын аткарып жатышканын билдирген.

Москванын арачылыгы менен жетишилген келишим 10-ноябрда күчүнө кирип, алты айга созулган салгылашууларга чекит койгон. Документке ылайык, азери армиясы кайтарып алган жерлер Бакунун карамагында калат.

Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабакты Азербайжандын бөлүгү деп тааныйт, бирок аймакты этникалык армяндар Еревандын колдоосу менен башкарып келатышат.

Аймак үчүн уруш 1994-жылы токтогону менен, ортодогу кагылышуулар маал-маалы менен уланып жатты.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости