www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу жана аны өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб Чүй облусунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Анын жүрүшүндө вице-премьер-министр, республикалык штабдын төрагасы Максат Мамытканов жана БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова Чүй облусунун шайлоо участокторунун даярдыгын талкуулашты. Шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузууларга ыкчам реакция кылуу боюнча шайлоо комиссияларынын ички иштер органдары менен өз ара иштешүүсүнүн жоболору боюнча түшүндүрмө берилди. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушун кароонун тартиби жана мөөнөттү сактоо маанилүү экени белгиленди. Мындай иштер 2-3 күндө каралышы керек.
Ошондой эле бир райондо жана шаарда ыкчам аракет кылуучу координациялык топтор түзүлүп, алардын курамына шайлоо комиссияларынын төрагалары жана укук коргоо органдарынын жетекчилери кирери айтылды.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди:
2021-жылы 10-январда өтө турган шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына үзгүлтүксүз байланыш, электр энергиясы жана транспорттон жардам берүү;
2021-жылы 10-январда өтө турган шайлоону даярдоо жана өткөрүүнү уюштурууда коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо;
шайлоо участокторун жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу;
шайлоо участокторунун жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун укук коргоо органдары тарабынан камсыздоо;
жер-жерлерде шайлоочулардын пайда болгон көйгөйлөрүн чечүү;
шайлоого даярдыктын жана уюштуруунун жүрүшү тууралуу республикалык штабга убагында кабар берип туруу;
шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык жактан камсыздоо;
шайлоочулар арасында биометрикалык каттоодон өтүү, өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо сыяктуу маалыматтык, кеңеш берүү иштерин жүргүзүү;
административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана башка мыйзам бузулган учурларда ыкчам аракет кылуу;
өзгөчө категориядагы жарандар менен иш алып баруу;
калктын кыйналган категориясы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттарды түзүү.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg