www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда саясий кырдаал 2021-жылы жазында кескин өзгөрөөрү, алдыдагы шайлоо кандай өтөөрү тууралуу жана 18 талапкердин ичинен 5 гана (А.Мадумаров, К.Исаев, С.Жапаров, И.Ташов, А.Сегизбаев) талапкерге токтолуп, алар жөнүндө белгилүү орусиялык астролог Светлана Драган «Говори ТВнын» түз эфиринде айтып берген.

Астролог 18 талапкердин бешөөнө гана токтолгон. Мадумаровдон баштап, Сегизбаевден бүтүргөн.  Драгандын айтымында, алдыдагы президенттик шайлоо эч кандай мааниге ээ болбойт. Кыргызстандагы саясий кырдаал 2021-жылдын жазында кескин өзгөрөт.

«Канат Исаев ар бир жасаган ишин жакшы, ийгиликтүү жасагысы келет, бирок, тагдырдын тамашасы ага жол бербейт. Жасаган иштери дайыма башка нукка өзгөрүп кете салат. Бирок анын негизги ички ниети түз. Өз ишин таза жана адилет аткаргысы келет. Ага өзүнүн мүнөзү же башка нерсе тоскоол кылып жаткандай.

Ал инсанга айрыкча, азыркы тапта өзү үмүттөнгөн колдоого өтө муктаж болгон кези.

Менин оюмча, жаңы жылдан кийин коомдо тынчтык, туруктуулук орното турган сценарийи бар. Анын сабырсыздыгы келечектеги пландарнына тоскоол болушу ыктымал.

Ал азыркы жанындагы кызыкчылыкты гана коргогон адамдардын айынан, 30-декабрдан кийин кызматынан айрылышы мүмкүн. Ушул тапта анын айланасында тек гана өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон адамдар.

Чын-чынына келгенде ал ушул тапта оюнда мат кылып кетсе болмок, бирок анын ички каалоосу, башка дагы күчтөр менен биригүү ниети буга жол бербей жатат. Ошондуктан ага бир аз сабырдуулук жана жеке өзүн таануусу кажет.

Январдын аягында ал күч түзүмдөрүнө кайрылат. Эгер ал ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, туура пайдалана алса, анда ал чоң саясатка кириши толук ыктымал. Анда мүмкүнчүлүк бар, ошондуктан азыр шашылыш аракет кылууга негиз жок», - деди астролог.

Ошондой эле ал Канат Исаевдин өтө тырышчаак жана катаал адам экенин белгиледи.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости