www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Киев жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги “Эркин Тоо” имаратын билбеген шаардык жок. Анын имараты 1931-жылы курулган. Союз мезгилинде бул жерден гезит, журналдардын басымдуу бөлүгү басалып чыгып, жарык көргөн. Ошол себептен дагы “Эркин Тоо” типографиясы деп аталып калса керек. Убагында шаардын “тарыхый архитектуралык мурасы” макамы берилип, 2015-жылы ал макамды алып салышкан. Эмнеге алып салгандыктары эми түшүнүктүү болуп турат. Себеби, “тарыхый архитектуралык мурас” макамындагы имараттарды сүрдүрүүгө мыйзам жол бербейт.
Эми бул объектини түрттүргөндөн кийин ордуна 10 кабаттуу бизнес-борбор курула турган болуптур. Ичинде мейманкана, турак үйлөр жана жер алдындагы автоунаа токтотуучу жай болот экен. Мына ушинтип эле акчалуу бирөө чыкканда, Бишкекбашкыархитектура жана шаардык мэрия ордо калаанын борбордук бөлүгүндөгү тарыхый-архитектуралык мурасты талкалап, бат эле ордуна имарат тургуза коюшат.
Булак: NazarNews.kg