www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Брянск шаарында өткөрүлгөн “Нелегал” операциясынын алкагында 24 жаштагы Өзбекстандын жараны кармалган. Анын Орусиянын аймагында Кыргызстандын жаранынын жасалма паспорту менен жүргөнү аныкталган. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бул өзбек жараны документтерин жоготуп жиберген. Документи жок жүргөндө полициянын колуна түшүп, сот тарабынан депортацияланган. Бирок, ал качып чыгып, Москвага кетип калган. Москвага барганда ал Кыргызстандын жаранынын жасалма паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн сатып алган да, кайрадан Брянск шаарына кайтып барып таксист болуп иштеп жүргөн.
Ага карата кылмыш иши козголгон, ал айып төлөгөндөн сырткары 6 айга чейин камалышы мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg