www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Ф.Делаус менен анын Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырууга байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министр Р.Казакбаев элчи Ф.Делаусту кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, өткөн шайлоо процесстери - 2021-жылдын 10-январында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу аныктоо боюнча референдум жөнүндө маалымат берди.

Президенттин жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү, калктын жашоо сапатын жана саламаттыгын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чараларын ишке ашыруу боюнча КР өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге, калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чараларга көңүл бурдум.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты: иш сапарларды жогорку жана жогору деңгээлде уюштуруу, «AFD» Франциянын өнүктүрүү боюнча агенттигинин түзүмдүк бөлүгү болгон «Proparco» жана «Aeroports de Paris» менен «TAV Airports» париж аэропортторунун эл аралык оператору тарабынан Кыргызстанда экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу перспективалары, ошондой эле Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана реабилитациялоо долбоорлорунун ишке ашырылышы боюнча маселелер.

Бул контекстте министр Р.Казакбаев Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, экспорттук потенциалды жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын мындан аркы экономикалык өсүшү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча кыргыз тараптын аракеттерин баса белгиледи жана КР президентинин тоо-кен тармагын реформалоо, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана Кыргызстанда каржы рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды кабыл алуу жөнүндө тиешелүү жарлыктарын белгиледи.

Кыргызстандын Францияга болгон тышкы карызын реструктуризациялоо мүмкүндүктөрү мындан аркы кадамдарды талкуулоого көңүл бурулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости