www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргыз профессору, акын, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу, мамлекеттик чыгаан ишмер Касым Тыныстановдун туулуп-өскөн Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында орнотулган эстелигине гүл койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время возложения цветов к памятнику выдающегося государственного деятеля Касыма Тыныстанова, установленного в его родовом селе Чырпыкты Иссык-Кульского района Иссык-Кульской области

Президенттик администрация быйыл Кыргызстандын белгилүү чыгаан инсандары Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгынын урматына мааракелик иш-чаралар республикалык деңгээлде өтүп жаткандыгын эске салды.

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время встречи с жителями села Чырпыкты Иссык-Кульского района Иссык-Кульской области

"Ушул эле жерде Жапаров жергиликтүү тургундар, алардын арасында Касым Тыныстановдун туугандары жана чөбөрөсү менен баарлашты", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время встречи с жителями села Чырпыкты Иссык-Кульского района Иссык-Кульской области

Маалымат кызматы айыл аксакалдары жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка колдоосун айтып, Жапаровго мамлекеттик программаларды жана реформаларды ишке ашырууда ийгилик каалады деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости