www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Боршайком Ош шаардык шайлоо комиссиясын таратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясын толук курамы менен таратты. Мындай чечим бүгүн, 9-сентябрда БШКнын отурумунда кабыл алынды.

БШКнын маалыматына караганда, “Биздин Кыргызстан” партиясы 38 аял талапкерин, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы 39 талапкерин чыгарган, алардын 31и аял. Баары тең мандатын депутаттыкка талапкерлер тизмесиндеги кийинки адамдарга өткөрүп берерин айтышкан. Териштирүүдө аялдар арызды өз каалоолору менен жазбаганын, басым болгонун белгилешкен.

Шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда катталган мыйзам бузуулар боюнча иштер укук коргоо органдарына тергөөгө жөнөтүлмөй болду.

Эске салсак, буга чейин БШК эки партиядан түшкөн арыздын негизинде Ошто саясий партиялардын шаардык кеңешке талапкер катары көрсөткөн тизмесинен аялдар жапырт чыгып кетип жатканы боюнча маселени териштирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости