www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн "Рубеж-2021" машыгуусунун алкагында террорчулукка каршы операция өткөрдү. Бул туурасында Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Бүгүн, 9-сентябрда "Эдельвейс" окуу борборунда "Рубеж-2021" машыгуусу өтүп жатат.

"Катышуучулар террорчулукка каршы биргелешкен операция өткөрдү. Алар ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн аймагына кирип келген мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу топту жок кылган", — деп кошумчалаган "Рубеж-2021" машыгуусунун маалымат кызматы.

Жалпысынан аталган иш-чарага 1 000ден ашуун адам катышып, 150 даана аскердик жана атайын техника пайдаланылган. Алардын ичинде бир нече ракеталык система, Су-30СМ истребителдери, Су-25 чабуул жасоочу учактары жана Ми-8 тик учагы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости