www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда Кыргызстандын муфтийи Замир каары Ракиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) учурдагы ишмердүүлүгү, келип чыккан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, өлкө элинин биримдигин чыңдоо маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Кыргызстан светтик, көп конфессиялуу өлкө экенин, анын калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөрүн белгиледи.
«Ислам дини толеранттуулукка, сабырдуулукка, айкөлдүккө чакырат. Бул багытта Кыргызстан мусулмандар дин башкармылыгынын ролу өтө чоң. Мына ушул жаатта башка жамааттардын башын бириктирип, аалымдар жана казылар менен бирге иш алып баруу зарыл», - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Анын айтымында, коркунучтарды алдын алуу үчүн диний билим берүүнүн сапатын жакшыртып, жогорку билимдүү кадрларды даярдоо зарыл.
«Бул үчүн биз Кыргызстан Ислам университетинин базасын бекемдешибиз керек. Мындан башка быйыл Бириккен Араб Эмираттарынын «Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян» фондусунун колдоосу менен Токмок шаарында Ислам академиясын куруу долбоору колго алынууда.
Туура эмес диний чечмелөөгө жол берилбеши үчүн идеологиялык коопсуздукту күчөтүү керек. Кылымдардан бери бабаларыбыз карманып келген салттуу ханафий мазхабы элибиздин үрп-адатына каршы келген эмес. Буга байланыштуу менин „Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө“ биринчи жарлыгым чыккан. Азыр ушул жарлыктын негизинде концепция иштелип чыкты», - деп айтты Мамлекет башчысы.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өлкөдө диндер жана улуттар аралык тынчтыкты сактоодогу маанилүү ролун дагы бир ирет баса белгиледи.
Өз кезегинде муфтий Замир каары Ракиев мамлекет башчысынын диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу керектиги тууралуу пикирин колдоду. Анткени дал ушул сабатсыз пропагандисттердин айынан карапайым калк исламда болбогон, бурмаланган же туура эмес идеяларды өздөрүнө сиңирип алышууда.
Анын айтымында, учурда республикада 100дөн ашык диний билим берүү мекемеси иштейт.
Замир каары Ракиев экстремизмге каршы турууга, конфессиялар ортосунда тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, этникалык жана диний араздашууга жол бербөөгө салым кошо турган руханий агартуунун олуттуу бөлүгү катары кызмат кыла турган Ислам академиясын куруунун маанисин белгиледи.
Булак: NazarNews.kg