www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Северэлектро» ААКда 110/35/6 (10) кВ чыңалуусундагы «Бишкек» көмөкчордонуна «ТЭЦ-Бишкектен» чыңалуу бериш үчүн 110 кВ кабель чубалгысын тартуу боюнча иштер соңуна чыгууда. Эске салсак, «Бишкек» көмөкчордонунун ишке киргизилиши менен 40 МВт чейинки жалпы кубаттуулукту түзгөн кайра киргизилип жаткан объектилер электр тармактарга кошула алат.

110 кВ кабель чубалгысынын курулушу 90-жылдардын аягында каралган. Ошондо эле Кыргызстандын борбор калаасында электр энергиянын дефицити божомолдонгон

Курулуп жаткан кабель чубалгысынын жалпы узундугу 3,1 чакырымды түзөт жана ал «ТЭЦ-Бишкек» көмөкчордонунан тартылып,

Чүй чоң көчөсү менен Буденный көчөсүнө чейин,

Буденный көчөсү менен Огонбаев көчөсүнө чейин,

Огонбаев көчөсү менен Т. Айтматов көчөсүнө чейин,

андан соң Т. Айтматов көчөсү менен «Бишкек» көмөкчордонуна чейин тартылат.

2-августка кабель чубалгынын 2 900 метрге жакын участогу даяр болду:

тереңдиги эки метрден ашуун траншеялар казылып, технологияны сактоо менен кабель чубалгысы үчүн диаметри 160 мм болгон эки сап полиэтилендик түтүктөрү (ар бир сапта үч түтүктөн)  жана «Северэлектро» ААКнын байланыш оптико-булалыкчубалгысы үчүн диаметри 110 мм болгон түтүктөрү орнотулду.

Учурда 110 кВ кабель чубалгысын куруу боюнча башкы подрядчиги ООО «Эстралин ПС» (г.Москва) кабелди тартуу жана монтаждоо иштерине киришти. «Эстралин ПС» тейлөө борборунун директорунун орун басары Сергей Мелковдун айтымында, мындай көлөмдөгү  техникалык коштоо, 110 кВ чыңалуусундагы кабель чубалгысын тартуу жана монтаждоо боюнча иштер Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылууда. Жалпысынан монтаждоо иштерин аткаруу үчүн Россияда өндүрүлгөн 216 тонна (18,6 чакырым) кабель чубалгылары, 6 аягында туруучу жана 12 бириктирүүчү муфталар (эки түтүктү кошуучу түтүкчө), ошондой эле, 6 немецтик элегаздык киргилер колдонулат.

Кабель чубалгысын монтаждоо боюнча электр куроочулары Эстралиндин илимий-окуу борборунан үйрөтүүлөрдөн өтүшөт. Электр куроочулар аталган иштерди жүргүзүүгө укук жана уруксат берүүчү атайын сертификаттардын ээлери. Чубалгынын курулушу аяктаган соң, бузулган жолдор, жеке үйлөргө кирүүчү тар көчөлөр калыбына келтирилет.

МААЛЫМКАТ

110 кВ чыңалуусундагы «Бишкек-ТЭЦ Б» кабель чубалгысынын курулушу электр энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу  жана эсеп берүүнү жакшыртуу боюнча инвестициялык долбоордун чегинде 2017-жылдын аягынан тарта курулууда жана “Северэлектро” ААК ишке ашырган KfW Германия өнүгүү банкынын каржылоосундагы “Электр бөлүштүрүү тармактардын эфективдүүлүгүн жогорулатуу” жана “Бишкек шаарынын жеке тармактарын чыңдоо” инвестдолбоорлордун табигый уландысы болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости