www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улан уланат...

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев көз жумганына бүгүн 18 күн болду, бүтүндөй кыргызстандыктар алигүнчө бул суук кабарга ишенгиси келбей, өксүп турат.

Бирок ушул адам өлүмүндө да "мен мындай иш жасап жатам, а силер эмне кылып койдуңар" деп анысын милдет кылып, ач кыйкырык, куу сүрөөн салган айрым жаштарды көрүп аябай иренжидим. Мен интернетте кыйкырып жатам, а силер эмне кыйкырбайсыңар дегендей акылга сыйгыс, майда популисттик сөздөрдү кечээ окуп калдым. Улан менен жакын мамиледе жүргөндөр, кесиптештери, достору коомчулукка жарнама кылбай эле жакшы жардам берип жатышат, аны өз убагы келгенде дагы маалымдайбыз.

Маркумдун сөөгү тынчыраак жатсын, улам козгой бербейли деп унчукпай турдук эле, бирок эмне болуп жатканын учкай болсо да жазып койгонум туура болот окшойт. 

Азыр соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүүдөбүз, бирок дээрлик күн сайын саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөшүп, кайсы стадияда, жыйынтыгы жакындадыбы, кымындай да бурмалоо болбосун деп көзөмөлдөп, кабар алып турабыз. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен бир нече ирет сүйлөштүм, бул коомчулуктун көңүлүндө турганын, дыкат териштирүү зарылдыгын баса белгилеп айтып келатам. "Азаттыктын" жетекчилиги да сыртта турган жок, өкмөт башчыга чейин кайрылып, бул маселе алардын көңүл борборунда турганын айтып жатат. Экспертизанын жыйынтыгын бурмалоого кымындай да жол бербейбиз.

Бирок ар бир кадамыбызды фейсбук менен инстаграммга жазып жаткан жокпуз. Уландын өлүмүнүн себептерин жаап-жашырууга биз кызыкдар болмок белек? Тескерисинче дал ошол экспертизанын акыйкат болушуна биринчи кезекте биз кызыкдарбыз! 
Баарыбыздын эң негизги милдетибиз - Уландын акыйкат коом куруу аракетин улантуу, чынчылдыкты туу туткан, коррупцияны жек көргөн өжөрдүгүн даңазалоо, Уландын буга чейинки жасаган эмгегин муундан-муунга сабак, үлгү катары калтыруу.

"Азаттык" жамааты Роза Отунбаева баштаган коомдук ишмерлер, журналисттер, депутаттар, укук коргоочуларды чогултуп Уланбек Эгизбаев атындагы фондду түптөө тууралуу чечимге келишип, азыр каттоодон өткөрүп жатышат. Бакыт, Мирлан байке, Токтосун баштаган Уландын эң жакын достору буга чуркап жүрүшөт, фонддун атынан журналисттик иликтөөчүлөргө сыйлык, сыйланат.

Жанар Акаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости