www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Убактылуулар” качан камалышат?

Эмне үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн 2010-жылы конституциялык түзүлүштү кулатышканы үчүн дагы деле жоопко тартышпайт?

26-июлда Армениянын мурунку президенти Роберт Кочарянга Армениянын Кылмыш кодексинин 300-беренесинин 1-пункту менен айып тагылды. Аны 2008-жылдын 1-2-мартында Арменияда болуп өткөн кандуу окуяда башка бийлик адамдары менен алдын-ала макулдашуу аркылуу өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн кулатуу боюнча айыпташууда. Ал кагылышта 10 киши каза таап, жүздөн ашууну жарадарланган. Ушундай эле айып аны менен катар ЖККУнун учурдагы башкы катчысы Юрий Хачатуровго да тагылды. Учурда Роберт Кочарян камакка алынып, Юрий Хачатуровдун маселеси каралууда.

Эми, ушул жерден биздеги “убактылууларга” кайрылсак – 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийликти куралдуу басып алуу болуп, анда 87 адам шейит кеткен жана жүздөгөнү жарадар болгон. ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн бардык жетекчилери 2010-жылдын 8-апрелинде Москва шаарында Кыргызстандагы кырдаал боюнча билдирүү жасашкан:

“Биз, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчылары быйыл апрелде Кыргызстанда бийликтин конституциялык эмес жол менен алмашышына алып келген окуяларды тынчсыздануу менен кабыл алдык, - деп айтылат билдирүүдө. – Бул окуяларды Кыргызстандын ички маселеси катары кароо менен, анын айынан пайда болгон көп сандаган адамдык курмандыктар жана материалдык чыгымдар боюнча көңүл айтабыз”. Билдирүүгө Орусиянын, Казакстандын, Өзбекистандын, Белоруссиянын жана Тажикстандын президенттери кол коюшкан.

Мамлекеттик төңкөрүш 2010-жылдын 7-апрелинде жасалып, анын кесепетинен 90го чукул адам каза болгон. Курманбек Бакиев өзүнүн бир маегинде мындай дейт: “Мен Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин гана кеттим... Ал “Курманбек Салиевич, Ак үйдүн алдында болгон окуяга сизди айыпташпайт, а эгер өлкөдө түндүк-түштүк чатагы тутанып кетчү болсо – баарын сизге тагышат...”. Мен мына ушуну болтурбоо үчүн кеткем”.

Эске салсак, Курманбек Бакиев 2009-жылы шайлоодо 76,12% добуш менен президент болуп шайланган, анын атандашы Алмазбек Атамбаев болгону 8,4% добуш алган.

Кийинки кездери Кыргызстанда жемкорлук менен жигердүү күрөш жүрүүдө. Анын алкагында премьер-министрлер баштаган көптөгөн белгилүү саясатчылар жана чиновниктер кармалышты. А “убактылууларга” качан жетишээр экен?

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости