www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СИЗО-1дин ыкчам кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга баңги затын алып кирип бара жаткан фактыны токтотушту. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-сентябрда эртең менен Чүй облусунун тургуну 1986-жылы туулган З.Т., СИЗО-1де жаткан 1992-жылы туулган А.Т.га гамбургер алып келген. Тамак-ашты текшерүү учурунда мекеменин кызматкерлери желим баштыктарга оролгон, кара куурайдын өзгөчө жыты бар заттарды табышкан. Болжолдуу салмагы 13 граммды түзгөн.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Белгилей кетсек, ошол эле күнү, баңги затын мыйзамсыз алып өтүү аракетинин дагы бир фактысы катталып, бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери катышкан. Кечки саат 18:00 чамасында СИЗО-1дин тергөөчүлөрү түнкү нөөмөттүн контролерунан сержант Р.Т.дан 9500 сом жана 13 грамм кара куурай табышкан. Чогулган материалдар Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости