www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-сентябрда Жалал-Абад облусунда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери токой чарбасынын директору Т.А.ны кармашты. Бул тууралуу Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Токой чарбасынын жооптуу адамдары өрттүн алдын алуу жана силос өстүрүү иштерине 2 млн сом суммасында эки жолу тендер өткөргөндүгү такталды. Жыйынтыгында “А” ЖЧКсы жана “АА” ЖЧКсы тендерди уткан.

Бирок, чындыгында тендерде көрсөтүлгөн жумуштарды буга чейин токой чарбасынын кызматкерлери өздөрү жүргүзүп келишкен. Акча ЧКлардын эсебине түшкөндөн кийин, акча директордун көрсөтмөсү боюнча накталай алынып башкы бухгалтерге өткөрүлүп берилген.

“Сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Токой чарбасынын башчысы К.Ж., башкы бухгалтер А.Б., ошондой эле ЖЧКнын башчыларына тергөөнүн жыйынтыгы боюнча акыркы юридикалык баа берилет” – деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости