www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Өкмөтүнүн аппаратынын экс-жетекчиси НурХАНбек Момуналиев, ээрден эмнеге өз эрки менен кетти, деп баары таң калып аткан. Көрсө, ТЭЦге бала баатырдын тийешеси бар окшойт, жакында эле УКМК барып сурак берип келди.

“Жаштар кызматка келиши керек” деп айкырык салганда Алмазбек Атамбаев бечара жаштарды колдоп чыгара калса, ээрчитип келген командасынын 90% ы эле “уурулар” болуп чыгып калат.

“Чыга турган көз эле чыгып кетти өзү эле” болуп, “элитный” уурулардын жүзүн ТЭЦ “иттей” ачты. Баарынын оозун ачырган аттишти - 600 АКШ долларга сатып алганын угуп, бийликтегилерди кыргыз эли каргап эле жатып калышты.

Биздин редакция, “аттиш арзан эле болчу" деген, калдайган калкктын сөзүнө ишенбей, бийликтегилердин сөзүнө ишенип” борбордогу чоң соода борборуна барып аттиштин бааларына кызыктык. Көрсө, аттиштин баалары “иттей” арзан турбайбы? Ой өлүп кеткирлер...Кыргыз элинин ырыскысына, мамлекеттин казынасына кол салган, ошол кекиртегиңерге аттиш тыгылып эле калсын...деп койдук ичибизден.

2020-2025 -жылдары мыйзам менен иштеген Кытай кылычын сунуп, Кыргызстандан карызын сурап келсе, биздин кийинки муундагы жаштарыбыздын абалы эмне болот? Силер го өлгөнүңөр өлүп, калганыңар калып, куурай башын сындыра албай каласыңар?

Ошондуктан, урматтуу Сооронбай Шарипович, ТЭЦ боюнча күнөөлүүлөрдү “камап-камап” салыңызчы...Тарыхта каласыз...

Төмөндө сүрөттөн аттиштин бааларын көрсөңүздөр болот:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости