www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинде коррупцияга каршы күрөштү күчөтөм дегенден бери, коомчулук «куйругунда калбыры бар, арты таза эмес, баскан изи мандемдүү» коррупционерлерди бирден санап, ишти ушундан баштаса туура болмок дешип, байма-бай кулкуну жаман, ичип-жеген аткаминерлер туурасында маалыматтарды чыгарышууда.

"Калк айтса калп айтпайт" дегендей, эл баарын көрүп-билип турган үчүн кеп кылып жатат. Кыргызстан кичинекей болгондуктан, кимдин эмне иш менен алек болуп жатканы алаканга салгандай көрүнүп турат. Учурда көптөгөн колу туткак, алкымы чоңдордун арасында Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевдин аты аталууда.

Мэр 2010-жылдагы коогалаңдан жабыркагандарга мамлекетгик дирекция тарабынан курулуп берилген көп кабаттуу үйлөрдүн ашып калган 360 батирин ипотека жолу менен сатканын, натыйжада учурда алгачкы взнос түрүндө түшкөн болжолдуу 170 миллион сомдун тегерегинде чогулган каражаттын дайыны чыкпай жатканы боюнча коңгуроо кагылды.

Мындан улам, шаардын бюджетине түшпөгөн каражаттар желип кеттиби же кимдир бирөөнүн бизнесинде айланып жатат деген суроолор жоопсуз турат. Мэрдин мындай кылык-жоруктары абдан көптүгүн, президент коррупцияны дал ушул Кадырбаевден баштаса дурус болмоктугу айтылууда.

Булак: Мантыш

Последние новости