www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан интернет айдыңын бир канча жумадан бери жарып жаткан Гүлзат Мамытбек саентология чиркөөсүнүн мүчөсү экени белгилүү болду. «Турагой, кыргызым. Алтыным» деген сөздөрү менен белгилүү болгон Гүлзат Мамытбектин америкалык жазуучу Рон Хаббард негиздеген саентология чиркөөсүнүн мүчөсү экенин интеренет колдонуучулар инстаграмдагы сүрөттөрү аркылуу аныктап чыгышкан. Ал сүрөттөрдө Гүлзат Мамытбек чиркөөдөн алган сертификаттары менен түшкөн.

Гүлзат Мамытбектин жообу көп күттүргөн жок. Ал саентолог экенин мойнуна алды. Бирок, саентолог-мусулманмын деп инстаграм баракчасына жазды.

  1. Саентология англисче жана грек тилинен кыргызчага билим-билим деп которулат. Саентология-америкалык жазуучу Рон Хаббард негиздеген ишеним эларалык кыймылы. Саентологияда эки агым бар-Саентология чиркөөсү жана Эркин аймак. Эркин аймак чиркөөдөн 1980-жылдардагы чырдан улам бөлүнүп кеткен жана Саентология чиркөөсү тарабынан саентологияны тутунган адамдар катары таанылбайт.
  2. Мусулмандар эки динди тутунууга болбойт.
  3. Саентолгогия Россия, Казакстан жана бир катар Европа өлкөлөрүндө экстремисттик деп таанылып ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Булак: говори тв

Последние новости