www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш парламенттин ишин чагылдыруу максатында аккредиттелген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн атайын тренингдер сериясын камтыган Ментордук мектептин ачылгандыгы тууралуу кабарлайт. Ментордук мектеп ЖМК өкүлдөрү менен парламенттин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу максатындагы “Прогресс үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагында өткөрүлөт.    

Окуу тренингдери ушул жылдын март-апрель айларында уюштурулат. Анда Жогорку Кеңештин көзөмөлдөө ишмердүүлүгү, визуалдык маалыматтар, фактыларды  текшерүү, SMM жана парламенттин ишин кыргыз-орус тилдеринде чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү боюнча окутуулар болот. Мектептин алкагында кызыктуу спикерлер менен жолугушуулар, талкуулар жана тематикалык пресс-ланчтар да өтөт. Бардык угуучуларга керектүү окуу материалдары  берилип, жыйынтыгында сертификаттар тапшырылат. Иш-чарага катышууну каалаган ЖМК өкүлдөрү    (0312) 63 92 00, (0558) 50 00 77 телефон номурларына чалып катталуусу зарыл.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости