www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-февралда  Чүй районунун Сайлык айылынын  тургуну Жаркынбаева Жамиля жана анын туугандары Ак үйдүн алдына акыйкат издеп митингге чыгышты. Бул тууралуу NazarNews.kg  маалымат агенттигине жеринен журналист Жаңылай Баймуратова чагылдырды.

Маркумдун бир тууган карындашы Чылпакбаева Жамилянын айтымында, 2016-жылы Дуйшеналиев Жакшылыкты өлтүрүп, сөөгүн өрттөп жиберишкен. Андагы    табылган кылмышкерлер Чылпакбаева Бурулсун менен Бекиш уулу Тургунбек камакка алынган. Окуянын болгонуна 3 жарым жыл болгон соң 2019-жылдын 11-октябрында Токмок шаарынын соту Данияр Астаркулов “далил   жетишсиз” деген жүйөө менен  актап,  “учурунда тергөөчүлөр туура эмес тергеген” деп эсептеген. 

“2016-жылдын 11-июнунун 12-июнуна караган түнү 1987-жылы туулган  байкем Дуйшеналиев Жакшылыкты өлтүрүп, бус спринтери менен кошо өрттөп, капчыгайга кулатып жиберишкен. 13-июнь күнү апам моргдон таанып, 15-июнда жерге берилген.  

Биринчи эле ишти Чүй районунун соту Динеев Мирад карап чыгып, соттолуучулардын доо арызын колдоп, сөөктү эксгумацияга жөнөтүлсүн, иш кошумча тергелсин деген чечим чыгарган. Ал чечимди областтык жана Жогорку сот жокко чыгарып, экзгумациянын кереги жок, ишти караганга материалдар жетиштүү,   ошолор менен ишти карагыла деген чечим чыгарган. 

Анан ишти кайра Чүй районунун соту Кемелова карап пренияга жетип калганда дектреттик отпускага чыгып кетип, ишти кайра башынан Курманова деген сот карап баштаган, бирок, дагы аягына келип калганда 2019-жылдын январь айында судья болуп которулуп, ишти Токмок шаардык соту Астаркулов Даниярга өткөрүп беришкен. 

Булар ушинтип убакыт созгон деп эсептейбиз. Ошол Астаркулов Данияр ишти 2019-жылдын январь айынан бери карап келип, 11-октябрда   “далил жетишсиз”-  деп сот залынан бошотуп жиберди”, -дейт Жаркынбаева.

Бул иш боюнча 2019-жылдан бери Чүй облустук сотуна кайрылып келебиз. 2020-жылдын январь айында аталган мекеменин басма сөз кызматы сот иши уланып жатканын  билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости