www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Ысык-Көл ОИИБдин жыйындар залында башкармалыктын өздүк курамдын катышуусу менен милициянын 3 кызматкерин, милициянын подполковниги Көлбай Баяновду, Алмаз Акчубаковду жана Клара Жайлобаеваны ардактуу эс алууга узатуу салтанаты болуп өттү.

Офицердик салт боюнча, салтанат ардактуу эс алууга чыгып жатышкан милиция кызматкерлеринин ички иштер органында басып өткөн кызматтык жолу менен таныштыруудан башталды.

Андан кийин сөз алган Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев салтанаттын күнөөкөрлөрүн ардактуу эс алууга чыгышы менен кызуу куттуктап, ички иштер органында кызмат өтөө учурунда өздөрүн чыныгы кесипкөй кызматкерлер катары көрсөтө алгандыгын өзгөчө белгилеп кетти.

«Милиция кызматындагы алгачкы баскычты катардагы милиция кызматкерлеринен баштап, офицер наамына чейин татыктуу жетише алдыӊар. Сиздер тараптан, мекендештерибиздин коопсуздугун сактоодо, мезгилдин кайсыл гана убактысы болбосун, жоопкерчилик менен көптөгөн салым кошуп келгениӊиздерди, биз жакшы билебиз жана ошол эмгегиӊиздер менен сыймыктанабыз. Эми сиздердин алдыӊыздарда – турмуштун жаӊы баскычы ачылууда», - деп белгиледи областтык милициянын башчысы.

  

Салтанаттын акырында, ардактуу эс алууга чыгышкан милициянын кызматкерлерине ички иштер органынын ардагери күбөлүктөрү жана кесиптештери тарабынан даярдалган баалуу сыйлыктар  тапшылырыды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости