www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-мартта, Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча биринчи соттук процесс өттү. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди да алып келишти. Бирок, сот залында тийиштүү шарттар жок болгондуктан, жыйын башка күнгө жылдырылды. Сотко 7 прокурор катышып, сот процессти жабык деп жарыялабаганы менен журналисттер киргизилген жок.

Ал эми Атамбаевдин тарапташы, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина өзүнүн Facebook баракчасына сот залында отурган Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн жарыялады.На изображении может находиться: 4 человека, люди сидят и в помещенииНа изображении может находиться: 5 человек, люди сидят и в помещенииБелгилей кетсек, 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча алгачкы соттук угуу өттү. Соттук отурум жабык режимде өтүп,  Алмазбек Атамбаевди сүрөткө жана видеого тартууга уруксат берилген жок.

Эске сала кетсек, 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон.

Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости