www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириядагы аскердик кылмыштар тууралуу маалыматтарды иликтеген БУУнун көз карандысыз комиссиясы Орусия ондогон жай тургундун өмүрүн алган аба соккуларына катышкандыгы жазылган баяндамасын жарыялады. Бул тууралуу Борбордук Азия жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, БУУнун эксперттери алгачкы жолу орус тарапты аскердик кылмыш жасоого ачык айыптап жатышат.

2019-жылдын экинчи жарымындагы окуяларга арналган баяндамада 22-июлда Мааррат-эн-Нууман шаарындагы базарга жана 16-августта Хас калктуу конушундагы качкындар жайгашкан жайга жасалган аба соккулары тууралуу маалыматтар бар. Анда аба соккулары эки жолу жасалганы, экинчи жолкусунда жабыркагандарга жардам көрсөтүп жаткан куткаруучулар жабыркаганы белгиленген. Соккулардан улам жалпысынан 43 адам, анын ичинде төрт бала каза болгон. Хас калктуу конушунда 20 киши өлгөн. Арасында сегиз аял жана төрт бала болгон.

«Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө, видеожазууларга, электрондук сүрөттөргө, радио сүйлөшүүлөргө, ошондой эле учактардын учуусуна көз салган байкоочулардын маалыматтарына таянуу менен комиссия Орусия учактары эки чабуулга тең катышкан деп билдирүүгө жетиштүү негиз бар экенин белгилейт. Эки соккуда тең орусиялык аскерлер конкреттүү аскердик максатты көздөшкөн эмес. Бул аскердик кылмыш болуп эсептелет», — деп жазылган баяндамада.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости