www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаровду колдоо митингди уюштурган Каныбек Осмоналиев «Ар-Намыс» партиясынан чыгарылат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саясый уюмдун лидери Феликс Кулов билдирген.
Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев митинг уюштуруп жаткандыгы тууралуу лидерге кабар берген эмес.
«Мындай иштерди акылдашып жасоо керек. Эгер ал бизге айтса эч ким каршы болмок эмес. Бирок, биз анын Садыр Жапаровго зыяны тийбешин талап кылмакпыз. Анткени, ал өзү кайрылып, митингден баш тартууну суранган. Анүстүнө митингди Ала-Тоо аянтында эмес, Максим Горький атындагы скверде өткөрүүгө гана уруксат берилди», — дейт Феликс Кулов.
Партия Каныбек Осмоналиевдин тагдырын жакын арада чекмекчи.
Учурда Каныбек Осмоналиевге факты боюнча сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 39 жана 309-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу аракети") менен катталган.
Белгилей кетсек, 2-март күнү Ала-Тоо аянтында өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген 5 миңге жакын адам Садыр Жапаровдун боштондукка чыгышын талап кылып нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. Митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда тараптар бири-бирине таш ыргытып, көчө боюндагы автоунаалар, имараттар жабыркаган.
Эске сала кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.
Булак:NazarNews.kg