www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абылгазиев өкмөт башчысы катары бүгүнкү бийликти сезбей тургандай, себеби эл ылдыйдан башталгандай эле жергиликтүү бийликтерге шайлоо көп нерсени чечип койот:

  1. Атамбаев тарабынан 2016-жылы 16-декабрда жалпы элдик референдум аркылуу өзгөртүлгөн Конституция боюнча өкмөт башчысына көбүрөөк полномочие берилген. Башкысы парламенттик мамлекеттин өкмөт башчысы катары фракция лидери менен биригип аткаруу бийлигин өзү дайындайт. Аткаруу бийлигин премьер дайындаган соң, мамлекетте эмне иштер аткарылып жатат, премьер жооп бериш керек.
  2. 2018 –жылдын апрель айында же мындан эки жыл мурун өкмөт башына келип, Абылгазиев элдин көзүнө көрүнөрлүк эмне чоң иш жасады? Ал өкмөт башына келгени өзүнүн жакындарын мартабалуу, капчыктуу кызматка тарткандан башка эл үчүн кылдай деле жакшы нерсе кыла элек.
  3. 2019-жылы апрелде өкмөт тарабынан уран боюнча жүргүзүлүп жаткан маскарачылык иштеринин бети ачылып, коомчулук тарабынан уранга каршы пикирлер агылып жатканда, Осмонбетов сыяктуу экологияга жооп бере турган жетекчилер уран казылып жаткан жердин пайдалуулугун жөнү жок далилдеп, элге уят болгону бар.

Абылгазиевди мыйзам боюнча өкмөт башчысынан кетире турган компетенттүү орган бул мыйзам чыгаруучу бийлик -парламент. Парламентте тиешелүү добуш топтолуп бул маселе көтөрүлө турган болсо, тез эле чечилип калышы ыктымал. Арийне, “Ашуудан ат алмаштырбайт”, парламенттик шайлоого да саналуу айлар калды. Парламенттик шайлоодон соң башка жаңы өкмөт шайланып келип, мамлекетти өзгөртүү үчүн камын көрө баштар. Абылгазиевдин иштей албай тарпы чыгып калган өкмөтүн алмаштырууга, азыр парламенттик шайлоого камына баштаган депутаттардын духу жетпейт го?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости