www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн аптадан бери Түркия менен Грекиянын чек арасынан 130 миңден ашуун мигрант өттү. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
Учурда болгар жана грек чек араларында көзөмөл күчөтүлдү. Ал жакта полиция мигранттарды көздөн жаш агызуучу газ менен кууп таркатууда. Түркия президенти Режеп Эрдоган Болгория премьер-министри менен жолугушууда алгачкы курмандыктар тууралуу айтты.
"Тилекке каршы, Европа биримдиги убадасына турган жок. Бул окуялардан эки мигрант өлүп, дагы бири грек жоокерлеринин колунан жарадар болду", – деди ал.
2016-жылы Брюссель менен Анкара качкындар маселесинде мунасага келген. Ага ылайык, Түркия миллиондогон сириялыктарды өз аймагында убактылуу баш калкалатып, Батышка өткөрбөй турмак. Бул үчүн Евробиримдиктен каржылык жардам алмак болгон. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу биримдик 6,5 миллион доллардын жарымын төлөп бербей койгонун айтты. Анкара Сирияда коопсуздук зоналарын түзүү боюнча планды европалык саясатчылар колдобой койгонуна да нааразы.
Германия канцлери Ангела Меркель түрк өкмөтү менен сүйлөшүү уланарын айтты.
Австрия канцлери Түркияны Евробиримдикке чабуул жасоого айыптап, өлкө чек арасын мигранттардан коргоого даяр экенин билдирди.
Европага Сириянын Идлиб провинциясынан качып чыккан мигранттар көп. Ал жакта кагылышуулар жана аба соккулары уланууда. Күн мурун БУУ биринчи жолу Орусияны аскердик кылмыштарга айыптады. Баяндамада орус авиациясы калк жыш отурукташкан шаардагы базарга жана качкындар лагерине чабуул жасаганы айтылат. Анын кесепетинен 63 карапайым киши өлгөн, арасында аялдар жана балдар да бар. 150дөн ашуун адам жаракат алган.
Кремль бул баяндаманы бир тараптуу деп атаган.
БУУнун маалыматына караганда, былтыр декабарда аймакта кырдаал курчугандан бери бир миллионго жакын адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Буга чейин БУУнун гуманитардык миссиясы сирия-түрк чек арасындагы качкындар лагеринде болуп, алардын абалы өтө оор экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg