www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өз почерки менен башкалардан айырмаланып турган кесипкөйлөр чанда. Талант Апыев режиссёрлукта өз стилин тапкан профессионалдардан. Мыкты түшүмдүн багбаны менен болгон маекке назар салыңыздар.
- Драманын улуулугу драмутргдун жүзү! Ушул ойго кошуласызбы?
- Кошулам, бирок бүгүнкү күндүн драматургдары жок болуп жатканы ачуу чындык. Аны театрга болгон көрүүчүлөрдүн кызыгуусунун солгундашынан даана байкасаң болот. Драма - бул спектаклдин фундаменти...
Майсалбектин катында жазылгандай, мен өзүмдү эң бир сонун кесипке-актерлукка даярдаган элем. Бирок шартка жараша режиссер болуп калууга туура келди. Себеби театрларда бир гана драматургдар эмес, бүгүнкүнүн режиссерлору дагы жетишпей турат.
- Коомчулукка режиссёр катары белгилүү болдуңуз эле, учурда сизди тасмалардан учуратчу болдук…
- Ал эми кино боюнча сөз козгосок, биздин гүлгүн жаштык курагыбыз, кино жоголуп кеткен учурга туш болду.
- Сиз чарчооңузду кантип алдайсыз?
- Мен чыгармачылык менен чындап алек болгон учурда, чындап эс алам. Чарчаганымды билбей иштейм, өз ишим өзүмө өтө эле жакса керек деп ойлойм.
- Көз алдыңда турган бардык нерсе өзгөрүлөт жада калса кыйышпас досторуң да дешет. Сатып кеткен досторго кабылгансызбы?
- Андай достордон Жараткан өзү сактасын, чыныгы дос эч качан сатпайт. Бирок ушул кыска өмүрдө көп нерсени баштан кечирүүгө туура келет, жашоодо баары болот...
- Өмүр - өмүрүндө комуз чертпей жүрүп, эл астына чыкканда үйрөнүп кеткендей эле кеп. Адам баласы өзүн-өзү тарбиялашы мүмкүнбү?
- Албетте адам өзүн тарбиялай алат.
- Абийириң таза болсо бааң ошончолук кымбаттайт дегенге көз-карашынызды уксак...
- Өз абийринин алдында таза болуу, ошол адамдын адамдык деңгээлинин чеги...
- Гүлдөп турган учуруңуз кайсы театрдын жүзү болду экен.
- Албетте, азырынча Ош театры..."Өмүргө тойбойт, адамзат" - дегендей, бардык эле чыгармачылык менен шугулданган адам, канааттанып калбайт го дейм...
- Актёрлор бардык ролго даяр болушу шарт. Сизге селсаяктын ролун сунуштаса, анын образын кандайча ачып берет элеңиз?
- Актёр берилген ролго даяр болуш керек дегенге кошулам, бирок актёр, ошол эле учурда тандоо жүргүзө билгени оң...
- Оң каарманга караганда терс каармандын образы оңой ачылат дейт. Сиздин көз-карашыңыз?
- Оң каарман, же терс каарман мурунку доорлордогу театрларга таандык түшүнүк болсо керек...Бүгүнкү күндүн театрындагы каарман башкача, өзгөчө болуш керек го деп ойлойм, анткени Айтматов айткандай, адам канчалык катаал, татаал да, терең экени баарыбызга маалым. Ал эми биз, аларды түшүнүүгө аракет гана жасайбыз... Айтматовдун терең философиялуу чыгармаларына дагы кайрылганым жөн жерден эместир.
“Жамила” повестин атактуу француз жазуучусу Луи Арагон “Махабат-жөнүндө баян”деген таасын баасын берген, мына ушул чыгармасын жаңыча этап менен сахнага койдум. Дагы эң алгачкы көлөмдүү романы “Кылым карытаар бир күндөгү” Маңкурт туурасында спектаклди сахналаштырдым.
- Иш жүзүнө такыр ашпай турган кыял?
- Иш жүзүнө ашпай турган кыял - өмүрүңдүн текке кеткен учурларын толтуруу! Жоготконуңду кайра табуу...
- Сиз багынткан ийгиликтерге токтоло кетсеңиз?
- И. Рыскулов, Ж. Абдыкадыров атындагы сыйлыктардын, КРнын өкмөтүнүн "Алтын диплом" Жаштар сыйлыгынын ээси, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери. Көптөгөн театр фестивалдарынын мыкты режиссёр номинациясынын жеңүүчүсү...
- Максат токтогон жерде жашоо да токтойт эмеспи, алдыга койгон максаттарыныз тууралуу уксак...
- Из калтыр бул дүйнөгө, ошондо өмүрүн кетпеген болоор, текке...
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg