www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эксперттер “Альянс” партиясы эмне үчүн аялдын мандатын тартып алып, Токтобүбү Оргалчаны каралоону каалап жатканын түшүнбөй жатканын билдиришти.
Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн тегерек столдо талкуу болду. Ал эми эмне себептен мандат Жанар Акаевге берилиши керек? Бул суроого “Альянс” партиясынын мүчөсү Шайырбек Маматокторов жооп берип, “гендердик теңчилик” түшүнүгү БШК тарабынан бурмаланган деп билдирди.
“Эмне себептен көп добуш алган талапкер жынысы үчүн мандатынан ажырап, ал үчүн жабыр тартыш керек? Бишкек шаарынын административдик соту акыйкат чечим чыгарган. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан гендердик теңчилик боюнча эсептөөсү бурмаланып калган”, - дейт ал.
15-декабрда БШК 30 пайыздык гендердик баланс боюнча токтомуна өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, 7 мандат алган “Альянс” партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчага мандат берилет деген маалымат тараган эле.
Кийинчерээк аталган партия Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылып, ал сот Акаевдин пайдасына чечип, "Альянс" партиясынын арызын канааттандырып, гендердик квота боюнча БШКнын токтомун мыйзамсыз деп таап, жокко чыгарган. Аны менен катар Токтобүбү Оргалчага мандат берүү да мыйзамсыз болгону аныкталган.
Бирок, эксперт Айнура Усупбекова гендердик квотанын 30 пайызынын ордуна 21 пайызы гана сакталып жатканын айтып, мындай шартта демократия жөнүндө сөз кылууга болбойт деди.
Тегерек столдун башка катышуучулары эч нерсе өзгөрбөгөнүн, партия лидерлери мурдагыдай эле ким мандат алат, кимдер мандат албай турганын чечип жатканын белгилешти.
Булак: NazarNews.kg