www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүрөт - Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялады

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Социал-демоктраттар» партиясынан катышкан Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Белгилей кетсек, «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган Темирлан Султанбеков азыр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.

Ал өзүнүн кайрылуу катында аны кыйнап коркутушканын жана тергөөчүлөр аны эмне үчүн кармагандыгын түшүндүрө алышпай жаткандыгын жазган.

Эске салсак, Темирлан Султанбеков кечээ Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости