www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Жолдош Токмергеновду дайындаганы тууралуу соцтармакка тараган буйруктун сүрөтү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта мындай билдирүүлөр атайын кызматтагылар менен күч түзүмдөрүнө чагымчылдык кылуу максатында таратылып жатканы айтылат. УКМКнын башчысын дайындоо президенттин ыйгарым укугуна кирери белгиленди.

“Учурда УКМКнын жетекчилиги жана өздүк курам штаттык режимде иштеп, улуттук жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча зарыл болгон бардык ыкчам иш чаралар жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, УКМК чагымчыл жана жалган маалымат жайылткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости