www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 78 жаштагы аксакалды уруп, 7 миң сом акчасын алып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 13-ноябрь күнү саат 18:25 чамасында Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде болгон.

"Аксакал үйүнө кирип бара жаткан учурда артынан белгисиз жаран келип, муунтуп сабап, 7 миң сом акчасын алып качып кеткен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иш-чараларынын негизинде шектүү кармалган. Ал Кара-Кулжа районунун тургуну 44 жаштагы М.Ж. аттуу жаран болгон. Учурда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралууда. Ал уурулук жана башка кылмыштар менен 14 жолу соттолгон", - деп билдирди басма сөз кызматынан.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости