www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкадагы шайлоодо президенттикти утуп алган Джо Байденди куттуктабай келген Россиянын Президенти Владимир Путин Майя Сандуга Молдовада өткөн президенттик шайлоодогу жеңишке байланыштуу куттуктоо телеграммасын жиберип, анын ишмердүүлүгү Москва менен Кишиневдун ортосундагы мамилелерди конструктивдүү өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

"Сиздин мамлекет башындагы ишмердүүлүгүңүз биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин конструктивдүү өнүгүшүнө өбөлгө болот деп ишенем. Бул, албетте, Россия жана Молдова элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет", - деп айтылат телеграммада.

Путин Сандуга ийгилик, чың ден-соолук жана бакубат жашоо каалады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости